www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алматы шаарында коронавирус аныкталган дагы бир учур катталды. Бул 13-марттын эсебинен илдет менен жабыркаган төртүнчү адам экенин Sputnik Казакстан маалымдады.
"Инфекцияны жуктуруп алган төртүнчү адам Германиядан келген. Ал дароо ооруканага жаткырылып, дарылана баштады", — деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Ахматшарип.
Анын айтымында, Миландан Москва аркылуу жубайлар да учуп келген. Аялынан коронавирус аныкталып, күйөөсүнөн табылган эмес.
Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирусту жуктургандар менен байланышкан казакстандыктарга издөө салган.
“Биздин азыркы милдет бейтаптар менен байланышта болгондорду, учакта чогуу учуп келгендерди издеп, табуу. Азыр ушул маселе боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.
Илдетти жуктургандар менен байланышкандар табылгандан кийин тыкыр текшерүүдөн өткөрүлөт. Азыр алар жөнүндөгү бардык маалыматтар чогултулуп жатат.
Ушул тапта биз учак менен учкан жүргүнчүлөрдү тактап, алар менен байланышта болгондорду аныктап жатабыз. Чынжырча системасы боюнча жабыркагандар табылып, изоляцияланат”,-деп айткан Саламаттыкты сактоо министри Биртанов.
Эске сала кетсек, 13-мартта Казакстанга учуп келген 2 германиялык жарандардын (бири 1974-жылы эркек, 2-194-жылы туулган аял) коронавирус илдети аныкталып, учурда алар карантинге алынгандыгы кабарланды.
Ооруну жуктуруп алган эки адам Германиядан Алматыга учуп келгендер болсо, үчүнчүсү Италиянын Милан шаарынан 12-мартта Нур-Султанга келген аял болуп чыккан.
Учурда алар Нур-Султандагы жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган.
Төмөндө аталган учак каттамы менен учуп келген блогер да карантинге алынып, өзү тууралуу айтып берген. Блогер карантинге алынган киши кайсы жакка, канча убакытка келгенин жана келечекте бейтаптарды эмне күтүп жаткандыгы боюнча тиешелүү кызматтардан кененирээк маалымат берүүсүн сураган.
Булак: NazarNews.kg