www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыда террорчулар куралдуу каршылык көрсөтүүнү улантууда, бийлик шаардыктарды үйлөрүнөн чыкпоого чакырууда, деп билдирет “Хабар 24” телеканалы.

"Террорчулар менен бандиттик топтор катуу каршылык көрсөтүп жаткандыктан бийлик шаардыктарды үйдөн чыкпоого, коопсуздук чараларын жана өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын сактоого, кечкисин жана түнкүсүн көчөгө чыкпоого чакырды", — деп айтылат телеканалдын маалыматында.

Эске салсак, Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2-январда башталган. Анда өлкөнүн батышындагы Жаңаозен жана Актау шаарларынын тургундары суюлтулган газдын эки эсе кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. Алма-Атада 4-5-январда коопсуздук кызматкерлери менен кагылышуу болуп, полиция газ жана үн чыгаруучу гранаталарды колдонгон.

Казакстанда интернет өчүрүлүп, бир катар телеканалдардын көрсөтүүсү убактылуу токтотулган. 19-январга чейин өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режими киргизилген. 5-январда эртең менен президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, өлкөнүн Коопсуздук кеңешин жетектеп, ЖККУ өлкөлөрүнөн жардам сурап кайрылган. ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу Казакстанга тынчтык күчтөрүн жөнөтүү чечимин кабыл алды. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун тынчтык күчтөрү Казакстанга чектелген убакытка жөнөтүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости