www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда социалдык маанилүү азык-түлүк жана күйүүчү майдын запасы жетиштүү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбеков билдирди.

Мындай билдирүүнү ал кыргыз-казак чек ара пунктуларынын жабылышына байланыштуу айтып жатып белгиледи.

“Учурда өлкөдө социалдык маанилүү азык-түлүктөр менен күйүүчү майдын жетиштүү запасы бар. Жарандарды азыктардын жетишсиздигинен же баанын кескин көтөрүлүшүнөн коркпоого чакырабыз. Эки өлкөнүн дипломатиялык ведомстволорунун демөөрчүлүгү менен мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги жеке өткөрүү пунктуларынын ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө”, — деп жазылат билдирүүдө.

Казакстандагы коомдук-саясий кырдаалдын турукташуусу соода-экономикалык мамилелерди жөнгө салууга негиз болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости