www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматы облусундагы аялдар колониясынан карантин алынып салынды. Буга чейин соттолгон кош бойлуу аял илдетке чалдыкты деп кабарланган, - деп билдирет казак басылмалары.

Билдирүүдө айтылгандай, кош бойлуу аял коронавируска карата кайрадан текшерүүдөн өткөн. 27-апрелде анын ден-соолугу чың экендиги белгилүү болду. Ошондой эле ал менен байланышкан 67 киши жана мекеменин кызматкерлеринен COVID-19 анализдери алынды. Алардын анализинин жыйынтыгы таза чыккан.

Эске сала кетсек,  мындан бир нече күн мурда колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кош бойлуу аялдан коронавирус аныкталып, Алматы облусундагы Жаугашты айылындагы аялдар колониясында жабылганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости