www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыдагы акыркы абал

Казакстанда дагы деле интернет байланышы иштебей жатат. Алматы шаарынын ичине эч кимди киргизбей аскерлер кайтарууга алган. Бул тууралуу Азаттыктын Казакстандагы кабарчысы кабарлады. 

Анын айтымында, президенттин резиденсиясын аскерлер куурчап турат. Борбордук аянтын жанында 3 адамдын жансыз денеси жатканын көргөн. Бул Алматыдагы башаламандык болуп жаткан негизги жерлердин бири. “Дукөндөрдө жана бонкаматтарда кезек күткөндөр көп”, - деди кабарчы.

Ал эми, Актау облусунда нааразычылыкка чыккандар таркай элек. Митингчилердин башында турган адамбы белгисиз бирөөлөр кармап кеткен.

Бүгүн, Казакстан президенти журналистик штаптын жыйынын өткөрдү. Токаев “Өлкөнүн баардык аймагында конститутциялык тартип орнотулду”, - деп билдирди. Мындан сырткары, Алматы шаарынан 2 миңден ашуун адам кармалганын айткан. Интернеттин иштебей калганына, буга чейин митинг өткөзүп жүргөн активистерди айыптады.

Эске салсак, 2-январда жаратылыш газынын баасы кескин кымбаттап кеткендигине байланыштуу Казакстанда нааразычылык акциялары башталып, кагылышуу менен коштолгон. Кагылышууда полиция кызматкерлеринен да, нааразычылыкка чыккан элдин арасында да каза болгондор бар. Азыркы учурда каза болгондордун саны белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости