www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БелТА Лукашенко менен Назарбаев сүйлөшкөнүн жазды

Беларустун БелТА мамлекеттик агенттиги президент Александр Лукашкенко 7-январда Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн кабарлады. Бул маалыматты Лукашенко тууралуу расмий кабарларды таратып жүргөн телеграм каналы да жарыялады.

БелТА маалымдагандай, Лукашкенко менен Назарбаев Казакстандагы кырдаалды талкуулаган. Бирок, расмий агенттик кандай сөз болгонун ачык жарыялаган жок.

Назарбаев акыркы жолу коомчулуктун алдына 28-декабрда чыккан эле. Анда ал Санкт-Петербургда өткөн КМШнын бейформал саммитине катышкан. Адатта Казакстандагы негизги окуялар боюнча пикирин билдирип жүргөн Назарбаев, бир аптадан бери өлкөдө болуп жаткан кырдаалга үн ката элек. Анын кайда экени белгисиз. Акордо Назарбаев тууралуу эч кандай маалымат чыгарган жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости