www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыдагы кыргыз аскерлеринин видеосу жарыяланды

Кыргызстандын жоокерлери Алматы — ТЭЦ-2 стратегиялык объектисин кайтарууда.

Russia Today телеканалы Telegram баракчасына журналисти тарткан сүрөт, видеолорду жарыялады.

Анда Мурат Гаджиев Кыргызстандан барган тынчтык орнотуучулар — басымдуу бөлүгү “Скорпион” атайын даярдыктагы бөлүктүн жоокерлери Алматынын 70 пайызын жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздаган ТЭЦ-2ни кайтарып турганын билдирген.

“Жигиттер олуттуу, жүздөгөн жумушчу ишине сыр сөзү менен кирип жатат, бүт тарабы кайтарууга алынган”, — деди кабарчы.

Белгилей кетсек, ЖККУ Коопсуздук кеңеши казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин улуттук коопсуздукка жана өлкө суверенитетине келген коркунучтарга байланыштуу кайрылуусунун негизинде тынчтык орнотуучу жамааттык күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Кыргызстандан коңшу өлкөгө 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлдү. Жоокерлер негизинен стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууга жардам бермекчи.

Бул ортодо Казакстандын Коргоо министрлиги да кыргызстандык тынчтык орнотуучулардын видеосун жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости