www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот экс-премьер-министр Оторбаевге карата өкүм чыгарды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 30-декабрындагы өкүмү менен Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Сот аны 3000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда, 300 миң сомдук айыпка жыкты.

Жоомарт Оторбаев 16-сентябрда «Кумтөр» боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалып, 18-сентябрда УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Андан соң 20-ноябрда ал сыртка чыкпоо тил каты менен камактан бошотулган.

Жактоочу Нурлан Садыков билдирген маалымат боюнча, Жогорку Кеңеш документтерди кайра иштеп чыгууга жөнөткөндүктөн, ошол кезде өкмөттү жетектеп турган Ж.Оторбаев тагылып жаткан айыпты мойнуна алган эмес. Сөз Суу кодекси жана мөңгүлөр жөнүндөгү мыйзам долбоору тууралуу болуп жатат.

Буга чейин «Кумтөр» боюнча сот өкүмдөрү төмөнкү адамдарга карата чыккан:

- Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Алмазбек Баатырбековго карата: ал 280 миң сом айыпка жыгылган;

- Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Исхак Пирматовго карата: Ага 300 миң сом айып салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости