www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда кыздарынын көз алдында жан берген кыргызстандык келин бүгүн, 23-июлда Ошто жерге берилди. Бул тууралуу Сереп Медиа агенттиги жакындарына таянуу менен жазды.
Эскерте кетсек, Казакстанда 29 жаштагы кыргызстандык келин кыздарынын көз алдында жан берген. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
Окуя Алматынын Мамыр конушунда 20-июлда кечинде болгон. Кошуналардын айтымында, аял үйүнүн кире беришиндеги турникке асынып алган. Бул учурда үйдө жакында эле бир жашка чыккан кичүү кызы менен ортончу кызы болгон. Улуусу чоң атасыныкында болгон.
Каза болгон Бектурсун кызы Айпери Кыргызстандын жараны жана 29 жашта экени белгилүү болгон.
Маркумдун апасы Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылган.
Анын айтымында, Айпери Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Терек айылында туулган.
«Кызым казак жаранына турмушка чыккан. 3 кызы бар. Улуусу 2-класс, ортончусу 1-класска эми барат, ал эми кичүүсү 1 жаштан 2 жашка кетти. Мурда бизге зомбулук көрүп жатканын айтчу эмес. Бизге чалып эле «кызыңыз ооруканага түшүп калды» деп айтышты. Кийин каза болгонун айтышты. Мен кызымдын өзүн-өзү өлтүргөнүнө ишенбейм. Тышкы иштер министрлигине кайрылат элем, ушул ишке жардам берип коюшсунчу. Мен паспортумду жаңылап, Казакстанга барып, дыкат текшерүүнү талап кылат элем. «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жекирүү беренсине макул эмесмин. Азыр сөөктү алып кетүүгө 2 бир тууганы кетти»,- деген апасы.
Апасынын айтымында, кыздын ата-энесинин паспортунун жарактуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу Казакстанга кызынын сөөгүн алып келүүгө өзүлөрү бара албай калышкан.
Бул окуя боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү тараткан.
“Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан бул маалымат боюнча ыкчам маалымат алуу үчүн окуя болгон жерге чыгуу жүргүзүлдү. Казакстандын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, кырсыкка учураган 1994-жылы туулган, теги Кыргызстандын Ош облусунан болгон жана каза болгон учурда Казакстандын жараны болгон. Каза тапкан 2021-жылы Кыргызстандын жарандыгынан чыккан жана Казахстандын жаранына турмушка чыккан.
Көмөк көрсөтүү максатында Алматы шаарындагы кыргыз диаспоранын жетекчисине маркумдун жакындарына кабар берүү үчүн маалымат жеткирилген.
Казакстандын укук коргоо органдары бул факт боюнча сотко чейинки териштирүүнүн бирдиктүү реестринде Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча катталган”,- деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg