www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыдагы тергөө абагында отурган Орусиянын жараны Наталья Нарская 25-октябрга чейин мекенине экстрадицияланышы мүмкүн. Бул тууралуу Sota telegram-каналы өз булактарына таянып кабарлады.

Бул иш менен алектенип жаткан Адам укуктары боюнча Казакстан бюросунун өкүлү Денис Живагонун айтымында, Нарская качкын макамын алууга арыз берген эмес, ошондуктан "аны мекенине экстрациялоого эч кандай тоскоолдуктар жок".

"Нарская качкын макамын сурап кайрылса Казакстанда дагы бир жылга жакын убакыт кала алат. Бирок ал качкын макамын алууга арыз берүүдөн баш тартууда. Ишеним каттарды тытып, адвокат менен байланышка чыкпай жатат", – деди Живаго.

Адвокат Мурат Адамдын айтымында, Нарская психикалык оору менен жабыркоодо жана медициналык, психиатриялык жардамга муктаж. 

"Анын психикалык абалы тергөө абагында начарлап кетти. Прокуратура Нарскаянын бул абалын билип туруп аны медициналык жайга которуу үчүн эч кандай чара көрбөй жатат", – деди адвокат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости