www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын полиция жана бажы кызматкерлери орусиялык олигарх Алишер Усмановдун Бавариядагы бир нече объектисин тинтүүгө алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Тинтүү иштери Усмановдун Мюнхен шаарынын четиндеги кыймылсыз мүлк объектилеринде, анын ичинде Роттах-Эгерн аймагындагы вилласында жүрдү.

Bild басылмасынын маалыматына караганда, тинтүүнүн жүрүшүндө беш автоунаа жана башка материалдык байлыктар табылды. Алардын арасында 140 миң еврого бааланган Mercedes Maybach S500 жана 180 миң евролук Mercedes Brabus фургону болгон.

Атайын комиссия тинтүү иштери сот берген ордердин негизинде жүргүзүлгөнүн билдирди.

Германиядагы Усмановго таандык объектилер 2022-жылы сентябрда да тинтүүгө алынган. Тергөөчүлөр Бавария, Баден-Вюртемберг, Шлезвиг-Гольштейн жана Гамбург аймактарында жайгашкан 24 объектидеги тинтүү иштерине жалпысынан 250гө жакын киши катышканын билдирген. Анда Усманов санкциялык режимди бузууга шектелип жатканы кабарланган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, олигарх санкциялык тизмеге киргизилгенден кийин да мүлктөрүнө күзөт коюп, аларга айлык төлөп турган.

Алишер Усманов – Орусиянын эң бай адамдарынын бири. Forbes журналынын маалыматына караганда, 2022-жылы анын байлыгы 14,4 миллиард еврого бааланган. Орусия Украинага согуш ачкандан кийин АКШ, Улуу Британия жана Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр Усмановго каршы санкцияларды киргизген. Германиянын бийлиги анын карындашына таандык яхтаны камакка алган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости