www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Истаравшан шаардык соту жергиликтүү тургундар "жашы жете элек кызга ыдык көрсөтүүгө" айыптаган милиция кызматкерлерин жабырлануучу деп тапты.

Соттун бул иш боюнча чыгарган өкүмүнө ылайык, Лакат айылынын алты жашоочусу "Бейбаштык" жана "Бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Алардын арасында жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы жаңжалдын чыгышына себеп болгон кыздын агасы да бар.

"Жашоочулардын бири үч жылга эркинен ажыратылса, үчөө эки жылга соттолду. Дагы бир тургун 1,5 жылга шарттуу кесилди. Мындан тышкары жергиликтүү мектептин директору 27 200 сомони (2 600 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди", – деп билдирди Истаравшан шаардык сотунун өкүлү.

Лакат айылындагы бул окуя быйыл май айында болгон. Анда айыл тургундары жашы жете элек кызды коргоп чыгышканын билдиришкен. Алардын айтымында, үч милиционер кызды айнектери караңгылатылган унаага салып, ээн жерге алып кетишкен. Кыз кыйкыра баштаганда, аны талаада иштеп жүргөн кошуналары угушкан. Алар милициянын унаасын курчоого алып, секелекти бошотууну талап кылып, бул учурду видеого тартып алышкан. Видео социалдык түйүн колдонуучуларынын нааразылыгын жаратып, айрымдары милиция кызматкерлерин кармап, жоопко тартууну талап кылышкан.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) милиция кызматкерлери кызды күч менен кармаган деген маалыматты четке кагып, Лакат айылынын тургундары үч милиция кызматкерин сабап, тергөө иштерине тоскоолдук кылышканын билдирген. Анда ИИМ милиция кызматкерлери талаада эмнени иликтеп жүргөнүн түшүндүргөн эмес.

Августтун ортосунда Согд облусунун прокурору Фуркат Хожазода бул окуя Лакат айылында жашаган өспүрүмдүн аскердик милдеттен качышына байланыштуу болгонун билдирген.

"Милиция кызматкерлери жаш жигиттин сүйлөшкөн кызы бар экенин аныкташкан. Алар аны таап, милиция бөлүмүнө чакырышкан. Андан соң кыз менен бирге ошол учурда талаада иштеп жүргөн жигитине барышкан. Окуя да ошол жерде болгон", - деген облус прокурору.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости