www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын үч жараны эмгек эксплуатациялоо максатында мажбурлап кармалган 10 мекендешин куткарууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен Өзбекстан Республикасынын Башкы консулдугуна кайрылган. Бул тууралуу «Дунё» маалымат агенттиги жазды.

Арыз ээлери жергиликтүү тургундардын тобу зордук-зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, жеке үйүндө кармап, жеке буюмдарын жана уюлдук телефондорун тартып алышканын билдиришкен.

Башкы консулдуктун кызматкерлери Алматы шаарынын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте Өзбекстандын жарандары турган жерге барып, андан соң жарандар Бостандык райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Кылмышкерлерге Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 389-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

«Родник» коомдук фонду менен биргеликте жарандар 3 маал тамактануучу жатаканага жайгаштырылды.

Ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Өзбекстандын жарандарына улуттук паспорттору жана жеке буюмдары кайтарылып берилгенден кийин, 1-августта бардык жарандар Алматы-Ташкент багыты боюнча автобекетке жеткирилген.

Маалым болгондой, жарандар Өзбекстанга аман-эсен жеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости