www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров Тайвандын айланасындагы кырдаал боюнча Казакстандын позициясына байланыштуу NUR.KZ агенттигине комментарий берди.

«Казакстан «бир Кытай» принцибин колдойт жана Тайванды Кытай Эл Республикасынын аймагынын ажырагыс бөлүгү деп эсептейт», - деди Тышкы иштер министрлигинин өкүлү.

Ал Казакстан эл аралык укуктун колдонулуп жаткан нормаларын жана Бириккен Улуттардын Уюмунун уставын сактоону жактай тургандыгын, атап айтканда, бул маселеде Бириккен Улуттардын Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 1971-жылдагы резолюциясын карманып жаткандыгын баса белгиледи.

«Чет мамлекеттердин расмий делегацияларынын Тайванга иш сапары КЭР өкмөтү менен макулдашылышы керек деп эсептейм», - деп кошумчалады Айбек Смадияров.

Буга чейин 2-августта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга расмий иш сапары менен келген. Нэнси Пелосинин Тайванга болгон сапарына интернеттин дээрлик үч миллион колдонуучусу көз салып турду.

Пелоси Тайвандын расмий өкүлдөрү, анын ичинде лидер Цай Инг-вен менен жолугушту. Ошол эле учурда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Пелосинин сапарын «империалисттердин маданиятсыз кампаниясынын дагы бир демонстрациясы», -  деп атады.

Бир күн мурун Кытай өкмөтү Тайванды Пелосинин сапарына байланыштуу "узак мөөнөттүү жана катаал" чаралар менен коркуткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости