www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыда кыргыз-казак чек арасы боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

Алматыда Кыргызстан менен Казакстандын кызматташуусун талкуулай турган жумушчу топтун биринчи жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.

Жыйындын алкагында тараптар бир катар маселелерди, анын ичинде кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы азыркы кырдаалды талкуулашты

Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун чакыруусу менен Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Алматыда жумушчу сапары менен жүрөт.

Жыйындын алкагында тараптар бир катар маселелерди, анын ичинде кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы азыркы кырдаалды талкуулашты. Анын жыйынтыгында бир катар протоколдорго кол коюлат.

Мындан тышкары, Алматыда Кыргызстандын, Казакстандын жана Россиянын бажы, салык кызматтарынын үч тараптуу жолугушуусу өтүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости