www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтө турганы белгилүү болгондон кийин талапкерлер тууралуу маалыматтар белгилүү боло баштады.

Акыркы маалыматтарга таянсак, экинчи талапкер катары Түркмөнстандын Агрардык партиясынын өкүлү — Майры велаятынын (Түркмөнстандагы административдик бирдик — облус) жетекчисинин орун басары Агаджан Бекмырадов чыкты.

Буга чейин Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов өлкөнүн президенти болууга талапкер болуп көрсөтүлгөн. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтарга таянсак, мындай чечимди өлкөнүн Демократиялык партиясы кабыл алган.

Учурда Сердар Бердымухамедов вице-премьер-министр кызматын ээлейт. Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2022-жылы 12-мартта өтө турган болгон. Гурбангулы Бердымухамедов 2017-жылдан бери Түркмөнстандын президенти.

Ошондой эле министрлер кабинетин жетектейт. Ал 11-февралда билдирүү таратып, өлкөнү башкаруу үчүн жаштарга жол бошотуп берүү тууралуу оңой эмес чечим кабыл алганын жарыялаган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости