www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматынын кылмыш иштери боюнча райондор аралык соту Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалдынын мурдагы жубайы Гүлмира Сатыбалдыга козголгон кылмыш ишин карай баштады.

Жаңы иштин алкагында Гүлмира Сатыбалды «өзгөчө ири өлчөмдө опузалап акча талап кылууга», «өзүмбилемдикке» жана «адамды мыйзамсыз түрдө эркинен ажыратууга» айыпталууда. Аны менен кошо айдоочусу Мади Батыршаев да соттолууда.

Жергиликтүү агенттиктердин маалыматына караганда, бул иш боюнча жабырлануучу – Гүлмира Сатыбалданын мурдагы күйөө баласы Абай Жунусов.

Өткөн айдын башында Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы Гүлмира Сатыбалдыга жана башка адамдарга карата «ишкерди мыйзамсыз камоо, өзгөчө ири өлчөмдө опузалап акча талап кылуу жана адам өлүмүнө алып келген өзүмбилемдик фактылары боюнча» тергөө аяктаганын жарыялаган.

Гүлмира Сатыбалдыга карата Алматы шаарынын тергөө соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Былтыр июнда Кызылорда облустук соту Гүлмира Сатыбалдыны «башканын мүлкүн ыйгарып алуу жана ысырап кылуу» иши боюнча сегиз жылга эркинен ажыраткан.

Кайрат Сатыбалды «Казахтелеком» жана «Транспорттук сервис борбору» компанияларынан ири суммада акча уурдаган деген шек менен 2022-жылы март айында кармалып, ошол эле жылдын сентябрь айында алты жылга эркинен ажыратылган. 2023-жылдын декабрында ал түрмөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошонуу өтүнүчүн келтирген. Бирок сот андай чечимге али эрте деген жүйө менен бул өтүнүчтү кароодон баш тартып койгон.

53 жаштагы Кайрат Сатыбалды — Нурсултан Назарбаевдин 1981-жылы автокырсыкта каза болгон иниси Сатыбалды Назарбаевдин уулу.

2018-жылы казакстандык Forbes журналы Кайрат Сатыбалдыны Казакстандагы эң бай 50 бизнесмендин тизмесине киргизип, анын байлыгын 163 миллион доллар деп баалаган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости