www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда кыргызстандык 29 жаштагы келиндин өлүмү тууралуу жарыяланган маалымат боюнча Тышкы иштер министрлик үн катты.

“Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан бул маалымат боюнча ыкчам маалымат алуу үчүн окуя болгон жерге чыгуу жүргүзүлдү. Казакстандын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, кырсыкка учураган 1994-жылы туулган, теги Кыргызстандын Ош облусунан болгон жана каза болгон учурда Казакстандын жараны болгон. Каза тапкан 2021-жылы Кыргызстандын жарандыгынан чыккан жана Казахстандын жаранына турмушка чыккан.

Көмөк көрсөтүү максатында Алматы шаарындагы кыргыз диаспоранын жетекчисине маркумдун жакындарына кабар берүү үчүн маалымат жеткирилген.

Казакстандын укук коргоо органдары бул факт боюнча сотко чейинки териштирүүнүн бирдиктүү реестринде Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча катталган”,- деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости