www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Физик», «БАКС», «РИО», «Алкаш», «Соке»...

«Мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго олтургуздум»– деп эсептейт Жапаров. Бирок ал иштин аягына «до конца» чыга элек. Анткени мурунку президентттер мурункудай эле калышты, эч өзгөрүү жок. Азыр бизде түндүк-түштүк болуп, жети дубан өз-өзүнчө бөлүнүп, ар кимиси өз көмөчүнө күл тарта бергени аз келгенсип, улам бир президенттин жактоочулары болуп, калдайган кыргыз калкы жетиге бөлүнүп турган учур, тилекке каршы. Бирок, баарыбыз үчүн ыйык Кыргызстандын түбөлүктүү келечегин ойлой турган болсок, биз "Акаевчи", "Бакиевчи", "Атамбаевчи" «Отунбаевачы» «Жээнбековчу» «доконцачы» жана "башкачылар" дегенди жоюп, баарынын башын бириктирүү менен (лидерлерди бириктирмейин тарапташтар бирикпейт) жалпы кыргыз журтунун эртеңки келечегин ойлогонубуз туура!

Боюбузга сиңип бараткан мындай арсыз сапаттарды ары калчап, бери калчап олтуруп, ошол башында эл шайлаган, аягы кейиштүү бүткөн президенттердин башын бириктерсем, балким бир муштумга түйүлгөн ынтымактуу журт болот белек деген ой көптөн бери көкүрөгүмдү эзип келет эле. Акыры тубү элибиздин "султан сөөгүн кордобойт" деген таасын кеби бар эмеспи! Көөдөнгө тынчтык бербеген асыл ойду акыры ишке ашырууга бел байлап, соңку тарыхыбызда журт башына келген президенттердин башын бириктирип, бир ортого чогулттум. Кыргыз наркын жасап, алдыларына аш тарттым. Уй мүйүз тарта олтура улут келечеги үчүн мурдагы журт башчылары өткөндөрүн сууга салышып, бир муштумга биригүү демилгемди колдоп беришти.

Албетте, биринин артынан бири келген мурдагы өлкө башчылары ачуу кептерди айтышты. Көкүрөгүндө жүргөн таарынычтарын төгүштү. Кетирген кемчиликтерин моюндарына алышты. Эң башкысы, алар бири-бирин кечире билишти. Менин да көздөгөн максатым ушул эле. Ой-кыялым - ошол ар бир президенттин аркасында турган тарапташтары, жалпы жети дубан калкыбыз, бир багытка баш коюп, саясатты таштап, бир дем менен улуттун өнүгүүсү, экономикасы деп ой жүгүртүү эле.

Ооба, жалпы элибиздин көзү менен караганда, алардын ар биринин жүргүзгөн саясатында алешемдиктер кетип, арты кайгылуу окуялар менен коштолуп, кан төгүүлөр да болуп кетти. Акаев учурундагы Аксы окуясы, Бакиевдин учурундагы Апрель окуясы, Убактылуу Өкмөт учурундагы Июнь каргашасы, Жээнбеков учурундагы Октябрь окуясы, андагы Үмүт аттуу жайнап турган жапжаш жигиттин каза болгондугу, тилекке каршы, кыргыз тарыхында кара тамгалар менен жазылып калды. Ошентип, канчалаган кырчындай болгон кыргыз жаштарынан - уулдарыбыздан айрылдык. Алардын жакындары менен туугандарынын нааразычылыктарын сезип турам.

Ата-бабалар наркына да карасак, «атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» дейт. Мусулманчылык жосунуна да карасак, кечире билүү жана кечиримдүү болуу улуу салт экенин көрөбүз. Кечиримдүү бололу, сабыр күтүп, алга сапарыбызды улайлы. Эгемендигибизди, көз карандысыздыгыбызды бекемдейли, өнүгүүгө бардык мүмкүнчүлүгү болгон Кыргызстаныбызды өнүктүрөлү десек, өткөн-кеткен, кектерди, нааразы кептерди, таарыныч-кусаматтардын баарын сууга салалы. Ар бир кыргызстандык бириккиле! «Бир жакадан баш, бир женден кол чыгарып», алдыга карай бет алалы! 5-10 жылдык жеке кызыкчылыктарыбызды ойлобостон, кыргызстандын түбөлүк кызыкчылыгын ойлонолу. Мага чейинки журт башчыларынын ар бирине карата эч кандай жеке кызыкчылыгым да, жеке кусаматым да жок, милдеттүү дагы эмесмин! Муну да баса белгилеп айтып коюум керек.

«Физик»

Аскар Акаев

Голография боюнча глобалдуу эмгектерди жазган Аскар Акаев президент болуп он төрт жарым жыл иштеди. Бийликти башкалар экономиканын көз карашы менен карашса Аскар Акаев физиканын көз карашы менен карап жүрдү. Ошондуктан физиктер менен таластыктардын заманы болуп, булар бийликте чарк айланып жүрүштү.

«БАКС»

Курманбек Бакиев

Бакиев Курманбек Салиевич -БКС эл оозунда «БАКС» болуп калды. Азыркы учурда бийликтин президенттердин  ортосунда тил табышпаганы Бакиев гана калды. Атамбаев камактан бошотулар менен «Мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго олтургуздум»– деп жар салбай Бакиев менен деле адамча сүйлөшүп, анан «доконца» кыйкыра берсе болмок.

«РИО»

Отунбаева Роза

Отунбаева Роза Исаковнаны атын, фамилияларын жылдырышып Роза Исаковна Отунбаева дешип «РИО» деп коюшкан. Рио дешип бразилиядагы 7 миллион калкы бар Рио-де-Жанейрону кыскартып айтып коюшат.

«Алкаш»,АША

Алмазбек Атамбаев

Президенттер деле адам, ошондуктан булар деле ууртап, татып коюшары ажеп эмес. Алмазбек Атамбаев ашыкча ичип АША

Атамбаев Алмазбек Шаршеновичти кыскартканда ААШ болуп кыскарат. Бирок элге жагып калганы АША ошондуктан көпчүлүк аны АША дешип аташа көбүрөөк ичипт жиберип көпчүлүк алдында ушул ысымга ээ болгон. 2009-жылы президенттикке талапкер болуп туруп Түштүк тараптан арак ичип алып ызы-чуу кылганы элдин эсинен чыкпайт, ал эмес тартылган сүрөттөр ушул күнгө чейин жүрөт. 2016 -жылы Путин саммитке келгенде мас абалында аны кучактап алып, Путин мас экенин түшүнүп буйтоого аракет кылган. Мындай окуялар өмүрүндө көп эле болгон.

«Соке»

Сооронбай Жээнбеков

Сооронбай Жээнбековду көп жактыра бербеген адамдар «Соке» деп алган. Айрыкча бул бийликке келген соң көкүтүүчүлөрдүн дарамети менен кандосу Атамбаевден жана анын коюп койгон кадрларынан кол үзүп, өз алдынча бийлик жүргүзө баштаган соң Кой-Таш айылында оор кырдаалдар түзүлгөн. Атамбаев 2019-жылы камалып, 2023-жылы боштондукка чыкты. «Эки кочкордун башы, бир казанга кайнабайт» дегендей булар бирикпейт болуш керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости