www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту.
Жолугушуу 16-сентябрда Бишкек шаарында өттү.
Тараптар Эмгек министрлиги менен БУУнун системасынын ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулашты. Анын ичинде калкты социалдык коргоо, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, эмгек миграциясы жана татыктуу эмгек шарттарын камсыз кылуу маселелери каралды.
Министр Алмаз Имангазиев Антье Гравеге Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы жана социалдык коргоону чыңдоого багытталган демилгелерди колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Антье Граве министрлик менен БУУнун Кыргызстандагы системасынын ортосундагы тыгыз кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Алмаз Имангазиев Антье Гравеге жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле ага ведомстволук медаль тапшырылды.