www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен шаарында бир нече жаран арыз менен кайрылып, 2026-жылдын июнь айында Баткен районунун тургуну “Аппаз” аттуу жаран алардын ишенимине кирип, Lexus, Hyundai Porter жана башка автоунааларын алып, ар кандай шылтоолор менен акча каражаттарын бербей жүргөнүн билдиришкен.
Мындан тышкары, аталган жаран YouTube платформасында “Апаз-ТВ” аталышындагы канал аркылуу лотерея уюштуруп, жарандарды алдап жүргөнү тууралуу арыздар түшкөн.
Бул факт боюнча Баткен ШИИБде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Баткен ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Баткен районунун 27 жаштагы К.А. аттуу тургуну кармалды.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган YouTube каналында уюштурулуп келген лотереянын мыйзамсыз экендиги аныкталып, жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы 2 миллион сомдон ашык экени такталган.
Кармалган К.А. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Баткен ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан “Апаз-ТВ” аталышындагы мыйзамсыз лотереядан жабыр тарткан жарандардын санын тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Эгерде сиздер да жогоруда аталган жарандан жабыр тартып, алданган болсоңуз же аталган лотереянын билеттерин сатып алып, байгени ала албай калган болсоңуздар, Баткен ШИИБге кайрылып, төмөнкү телефон номерлери аркылуу байланышсаңыз болот:
Телефон номерлери: (03622) 5-00-68; 102; +996 703 325 262