www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү обончу жана аткаруучу Бабаравшан Тургунбаев дүйнөдөн өттү.
Бабаравшан Тургунбаев кыргыз музыкасына өзүнүн кайталангыс үнүн жана бир катар баалуу чыгармаларын калтырган. Анын «Туулган жерим асыл турагым», «Унутпаймын», «Неге түшкө киресиң?» аттуу чыгармалары угармандардын эсинде калган.
Маалыматка ылайык, маркум акыркы жылдары Ош шаарында жашап, филармонияда эмгектенип келген.
Бабаравшан Тургунбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 16-сентябрда саат 18:00дө Лейлек районунун Раззаков айылында (мурдагы Ленин айылы) өтөт.
Жакындарына, туугандарына жана чыгармачылык чөйрөдөгү кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.