www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Коргоо министрлиги Иранга каршы жүргүзүлгөн операциядан кийин стратегиялык ок-дары кору азайып, тартыштык жаралганын биринчи жолу расмий билдирди.
Пентагондун башкы инспекторунун отчетуна ылайык, 28-февралдан 30-июнга чейин жүргүзүлгөн операцияга АКШ 33,4 млрд доллар короткон. Анын ичинен 22,3 млрд доллар ок-дарыга, дагы 3,7 млрд доллар аскердик техниканын жоготууларына кеткен.
Отчетто ок-дарынын көп сарпталышы стратегиялык запастардын азайышына алып келгени жана аларды кайра толуктоодо АКШнын коргонуу өнөр жайында өндүрүштүк көйгөйлөр бар экени белгиленген.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп жана коргоо министри Пит Хегсет өлкөдө ок-дары жетиштүү экенин айтып келишкен. Ошол эле учурда 24-июнда Ак үй Конгресстен 87,6 млрд доллар кошумча каражат сураган. Анын 67,1 млрд доллары Пентагондун запастарын толуктоого багытталмак.