www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан токтотулган унаанын айдоочусу мас абалында экени аныкталды.
Бул тууралуу Бишкек шаардык МККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, айдоочунун жанында өздүгүн тастыктаган документтери болгон эмес. Ал милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тартып, жоопкерчиликтен качуу максатында өзүн башка адам катары тааныштырган.
Жүздү таануу системасынын жардамы менен айдоочунун өздүгү аныкталды.
Текшерүү учурунда ал милиция кызматкерлерине карата адепсиз сөздөрдү айтып, алардын мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тартканы белгиленди.
Унаа айып короого киргизилип, айдоочу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди.
Ага карата Кыргызстандын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча протокол түзүлдү.
Айдоочу Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.