www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыр Бишкек шаардык кеңеши кезексиз жыйында калаа мэри Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө маселесин карайт. Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДПфракциясынын лидери Алмаз Кененбаев Мэр Албек Ибраимовдун эмгек өргүүсүнө чыгып кеткени алар үчүн күтүүсүз болгонун билдирди. Анын айтымында, бул боюнча фракцияга билдирүү түшкөн эмес, алардын кабары жок. “Биз азыр ага чакыруу жөнөттүк, эгер ал Кыргызстандын ичинде болсо, отурумга келип катышышы керек. Бирок, азырга чейин андан кабар жок. Ошондуктан, кесиптештерим мэрге ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени кароону сунуштап жатышат. Биз азыр бул маселенин үстүнөн иштейбиз” – дейт А.Кененбаев. Мыйзам боюнча, шаардык кеңештин 45 депутатынын 30у добуш берсе мэрге иеним көрсөтпөө ишке ашты деп эсептелет. Маалыматтар боюнча, мэр Ибраимов өлкө сыртына чыгып кеткен.
Буга чейин, мэрди кызматынан кетирүү мүмкүнчүлүгү айтылып, ал маселе бүгүн чечилээри болжолдонгон. Бирок, анын алдына алган А.Ибраимов кечээ бир айлык эмгек өргүүсүнө чыгып кеткен. Мэрге буга чейин “Дастан” корпорациясындагы мүлктөрдүнн шылуундук менен сатылышы боюнча кылмыш иши козголгон, азыр тергөө жүрүп жатат. Мындан тышкары, ага Кыай корпорациясы ТВЕАнын каражатына курган мектептеги иштери боюнча да кылмыш иши козголгон.
Эске салсак, 2016-жылы Албек Ибраимовду борбор калаанын мэрлигине КСДП фракциясы сунуштаган. Ага чейин ал Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары, “Манас” аэропортунун жетекчиси кызматтарын аркалаган. Бул кызматтарга аны экс-президент Алмазбек Атамбаев түртмөлөп келгени дайын. Мэр кызматына А.Ибраимов Кой-Таштагы 2,7 га жер аянтын Атамбаевге пара катары берүу менен дайындалганын буга чейин экс-депутат Өмүрбек Текебаев айтып келген. Ал жер тилкеси мурда Максим Бакиевге тиешелүү деп эсептелчү, ал жерге Атамбаев дача курган.
Булак: NazarNews.kg