www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаров акчасы көп болуп шайлоодон өтүп кетти. Бул тууралуу саясий серепчи Алмаз Тажибай “NazarNews” маалымат агенттигине билдирди.
--“Садыр Жапаров акчасы көп болуп өтүп кетти. Баарыбызга белгилүү болгондой анын фондуна көп каражат которулган. Себеби, Жапаровду бай, акчалуу адамдар дагы аябай колдоду. Штабдагылар ошонун эсебинен каражаттарды кенен пайдаланышып, элге жакшы маалымат жеткиришти. Мисалы, массалык маалымат каражаттары ишинин форматын, мазмунун кылдаттын менен иштеши керек болчу. Дебаттардын форматтары БШК менен макулдашуусуз берилген. Айрым мамлекеттик телеканалдар бир тараптуу болгону байкалды. КТРК Садыр Жапаровду жактаганынан эскертүү алды. Аймактарга барганда көп эл чогулуп жатканы бул дагы чоң акчаны талап кылган. Ал эми калган талапкерлерде каражаттын жетишсиз болгондуктан андай мүмкүнчүлүктөрү болгон жок. Ошонун кесепетинен элге алар тууралуу кеңири маалымат жетпей, көп добуш ала алышкан эмес. Ал эми көз карандысыз эл аралык байкоочулар шайлоо таза өткөнүн белгилешти. Бирок Кыргызстандагы саясий серепчилердин, журналисттердин жана жарандык активисттердин байкоосунда тең салмактуулук болгон эмес”, - дейт талдоочу.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg