www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Украина-Орусия эмнеге мындай кырдаалга кептелишти? Кандай жолдорду көрүп турасыз?

-- Орусия демократиялык өнүгүүдөн 20 жыл мурун баш тарткандыктан жана Путиндин автократиялык бийлигинин саясаты ишке ашырылып, Украинадагы ушул согушка алып келди. Путин тегерегиндеги олигархтары менен чогуу ресурстарга бай өлкөнү өз пайдасына иштетип жана пайда тапкан ресурстарды эли менен тең бөлүштүргөн эмес.

Ошонун кесепетинен элдин жашоосу начарлап, демократия жолу менен барбай, тескерисинче, адам укуктарын жана башка маанилүү демократиялык институттарды кысымга алган. Демократиялык Орусияны көздөгөн орус элитасын нейтралдуу абалга алып келип, керек болсо оппозицияны куугунтукка алып, камап жана өлтүрүлгөн амалдары белгилүү.

Элди нааразылыктан алаксытып, «Орусия дүйнөсү» жана империялык идеологиясын көздөп, чет жактагы орустарга каршы душмандарды таба коюп, ошолорду күнөөлөгөн. Путин өзүнүн саясый идеологиясынын барымтасынан чыга алган жок.

Ошондуктан Батыш, өзгөчө Америка Кошмо Штаттарын «Батыш Орусия элине эле эмес бүткүл дүйнөгө бузуку баалуулуктарды алып келет деп» демократиялык өнүккөн өлкөлөрдү душман катары көргөзгөн. Өз бийлигин жана өзү түзгөн режимин сакташ үчүн алдыга озгон стратегиясын көздөгөн.

Ал стратегиясынын максаты - Орусияга лоялдуу мамлекеттерди чогултуу. Ошон үчүн ЕАЭБ бажы биримдиги, ЖККУ аскер уюму жана башка регионалдык уюмдарга киргизип жана аларды жетектеп келген. Андан башка Батыш өлкөлөрүн энергоресурстар менен арзан баада камсыз кылуу аркылуу өз пландарын ишке ашыра баштаган.

Сакартвело (Грузия) жана Украинадагы демократиялык реформалардан өз элине натыйжалуу пайда көрө албастыгынын айынан ошол мамлекеттерге тийишип баштаган. Башкача айткан да, Орусияга окшогон автократиялык өлкөгө айланышына жардам берген жана күч менен бурган.

Макул эместерди, Батыш жакка карагандардын территориясын аннексия кылган. Сакартвело Абхазия жана Түштүк Осотия (2008), Молдова Приднестровья (1992 Украинада Крым аралы жана Донбасс менен Луганск аймактары 2014-жылы айырмалнып калышкан.

Украинаны Орусия жакка буруш үчүн Янукович 2010-жылы бийликке келгенде Украинанын 2012-жылы кабыл алынган стратегиялык чечимине Европа биримдигине интеграцияга баруудан жана ага мүчө болушунан баш тарткан.

-- Ошондуктан Украина саясый күчтөрү 2013-2014-жылдары каршылык кылып майданга айланган да...

-- Ошол учурда Янукович бийликтен качып, Путиндин колдоосу менен Орусияга баш калкалаган. Путин ошол кырдаалдан колдонуп, Крымды мыйзамсыз аннексия кылып, Донецк жана Луганск облустарын республика катары сепаратисттерди колдоп таанып алган.

Ошол 2014-жылдан бери согуш токтогон жок, бирок Минск (2014-2015жж) келишимдери боюнча жоо активдүү фазадан пассивдүү чыр-чатак абалына келтирген. Ушул 2022-жылы 24-январдан баштап Орусия «Украина атайын аскердик операция» деген шылтоо менен толук кандуу согуш жарыялады.

Украина эли согуштун айынан жабыркап, айылдары, шаарлары бузулуп, миңдеген адамдар өлүп, миллиондогон качкындар пайда болуп, тышкы агрессияга каршы күч менен күрөшүп жатканына дүйнө жүзү күбө болуп жатат. Бул согуш тез арада токтобойт. Анткени Путин өз сөзүнөн артка кайтпаган инсан.

Согуш токтосо, тынчтык келишимде Путиндин амбициясы ишке ашырылышы керек, «Путин согушту утту» деген максатта. Мисалы, Донецк, Луганск облустары жана Крым Орусиянын аймагы катары тааныган нейтралдуу статуска ээ болуу чечими чыгарылышы шарт.

Согушту токтотууга үч жол бар: 1) Украина капитуляцияга барат, 2) Украина компромисс жолу менен өз суверенитетке таанымал территориясын жоготот, 3) же Орусия аскерлерин территориясынан кууп чыгат.

Биринчи менен үчүнчү вариант ишке ашуусуна күмөн аз. Ошондуктан Батыш өлкөлөрүнүн санкциялар жана башка амалдары менен Украина Корея жарты аралындай Батыш жана Чыгыш жакка бөлүнүп калышы мүмкүн...

Булак: Азия News гезити

Последние новости