www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лавров менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И жолукканда кучакташкан жок, муштумдары менен сүзүшкөнү менен: «Кытай менен Орусия бири-бирине аска-бел боло турган достор» - деген таасын сөздөр айтылды. АКШ Кытайды чөгөлөтүп Орусияга каршы турасың деп зордуктаганы менен Бээжин кашайып тилин албай койду. Себеби, Орусияны талкалаган соң, кезек Кытайга келерин алар түшүндү. Кытай Орусияга аскердик жардам бербейт, бирок Европа газ алуудан баш тартышса Кытай алардын ордун ээлеп газды жана башка товарларды сатып алууга даяр. Кытайдан Орусияга аскерий жардам келбей турганын АКШ сүйүнүү менен кабыл алды. Чет элдик маалымат каражаттары буга чейин Орусия Украинада аскердик операция жүргүзүү үчүн Кытайдан жардам сураганын жазган. Ал эми муну эки өлкөнүн бийликтери четке кагууда.

Кытайдын чыгышындагы Аньхой провинциясынын Туньси шаарында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун, ошондой эле Кытай, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен Ирандын тышкы иштер министрлери жана өкүлдөрүнүн катышуусунда Ооганстандын коңшу мамлекеттеринин министрлеринин үчүнчү конференциясы өтүүдө. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ менен НАТОнун аскердик инфраструктурасын Борбор Азияга жайгаштырууну кабыл алынгыс деп атады. Ошондой эле, ал Москва мындай демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө каршы экенин белгиледи.

«Биз АКШ менен НАТОнун кандайдыр бир аскердик инфраструктурасын же аларды тейлеген оогандардын коңшу мамлекеттердин аймагына, биринчи кезекте Борбор Азияга жайгаштырылышын кабыл алынгыс деп эсептейбиз. Мындай пландар биздин мамлекеттердин коопсуздук кызыкчылыктарына каршы келет жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун уставдык документтеринен келип чыккан милдеттенмелерге карама-каршы келет», - деди Орусиянын тышкы иштер министри.

Мындан тышкары, ал ооган качкындарын кошуна мамлекеттерге жайгаштыруу боюнча кайрылууларга өтө этияттык менен мамиле кылуу керектигин белгилеп, конкреттүү өлкө жана жалпы региондун коопсуздугу үчүн мүмкүн болуучу бардык кесепеттерди кылдат эсептеп чыгууга чакырды. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы белгилегендей, мындай демилгелер «асыл гуманитардык ураандар» менен коштолот, бирок иш жүзүндө алар көптөгөн көйгөйлөрдү алып келет.

Тынчтык өкүм сүргөн, туруктуу жана өнүккөн Ооганстан аймактын жана эл аралык коомчулуктун жалпы кызыкчылыктарына жооп берет. Бул тууралуу төрага Си Цзиньпин Ооганстандын кошуна өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Үчүнчү жыйынынын катышуучуларына кайрылуусунда билдирди: «Тынчтык, стабилдүү, өнүккөн жана гүлдөп өнүккөн Ооганстан бүткүл ооган элинин тилеги, ошондой эле аймак өлкөлөрүнүн жана эл аралык коомчулуктун жалпы кызыкчылыктарына жооп берет», - деди Си Цзиньпин Кытайдын борбордук телеканалында.

Ал белгилегендей, «Кытай Ооганстандын эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн ар дайым урматтап келет жана Ооганстандын тынчтык жана стабилдүү өнүгүүсүн колдоого умтулат». Анын айтымында, былтыр түзүлгөндөн бери Ооганстанга кошуна мамлекеттердин координациялоо жана кызматташуу механизми коңшу мамлекеттердин артыкчылыктарын пайдаланып, Ооганстандагы кырдаалдын тынч өтүшүнө конструктивдүү роль ойноду.

Ооганстан менен чектеш өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин биринчи жолугушуусу 8-сентябрда видеоконференция форматында, экинчиси 27-октябрда Тегеранда бетме-бет форматта өткөн.

Украинадагы азыркы кырдаал Батыштын Украинаны «экинчи Ооганстан» кылуу аракети. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши менен болгон жолугушууда билдирди. Дипломаттын айтымында, Батыш өлкөлөрү саясий көңүл чордонун башка жакка көчүрүүнү каалайт. «Ооганстанды дүйнөлүк саясаттын борборуна айландырууга аракет кылгандар азыр Ооганстанды Украина менен алмаштырууга аракет кылып жатат. Бул эмне жөнүндө экенин баарыбыз түшүнөбүз турабыз», - деди ал.

28-мартта Тышкы иштер министрлигинин башчысы Евробиримдик конфликттерди жөнгө салууда гарант катары өзүнүн толук ийгиликсиздигин көрсөттү деп билдирген. Ал 2014-жылдын февралында Евробиримдик Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча мурдагы президент Виктор Янукович менен оппозициянын ортосундагы келишимдин аткарылышына кепилдик бергенин эске салды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости