www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу 28-мартта камакка алынган ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева бир айга камакта калды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милиция каза болгон журналист Арзыгүл Галымбетова жергиликтүү милицияга 25-мартта кайрылып, ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева аны каралап жатканын айтып, арыз жазганын билдирген.

Журналисттин өлүмүнөн кийинжабырлануучунун арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Өткөн айда Жолболдуева президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов анын телефонун тартып алып, кол көтөргөнүн айтып чыккан. Ураимов дооматтарды четке каккан. Акыйкатчы институту бул ишти көзөмөлгө алганын билдирген.

Маркум Галымбетова Бишкектеги гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. Алгач "Манас жаңырыгы" телеканалында, кийин "КТР-Обо" гезитинде иштеген. Соңку жылдары Баткендин облустук телеканалында жана "Турмуш" сайтында (Akipress) эмгектенип келген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости