www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дубалы ураган үй боюнча кылмыш иши козголду

Бишкектин Жаш Гвардия көчөсүндөгү жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы урап, жанындагы эки кабаттуу турак жайга кулаганы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдирди.

Ленин райондук милициясынын тергөө кызматынын иликтөөсүндө аталган имаратты курууда коопсуздук эрежелери сакталбаганы аныкталган.

Эске салсак, 27-мартта курулушу жүрүп жаткан көп кабаттуу үйдүн кум кышынан (пескоблок) тургузулган дубалы ураган. Натыйжада жанында жайгашкан үйдүн чатыры талкаланып, 64 жаштагы кожойкени басып калып, үч адам жараат алган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыккандай, дубалы ураган үйдү "Кейжи Восток Сервис" аттуу компания куруп жаткан. Юстиция министрлигинин базасында бул компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири катары Жогорку Кеңештин депутаты Жусуп Коргонбай уулу көрсөтүлгөн. Депутат "KG Восток Сервистин” негиздөөчүлөрүнүн бири болгонун, саясатка кетип, депутаттык мандат алгандан кийин аны өткөрүп бергенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости