www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Орусия менен Украинанын ортосунда согуш оту жанды. Эки эл башка жолго бара алабы?

-Тилекке каршы, Россия өзүнүн агрессивдүү миссиясын улантып жатат. Анткен менен Украинада болгон окуялардын баары, мисалы, 2014-жылы Крымды тартып алуу сценарийи менен баратат. ДНР, ЛНР деп жатабыз, ошол мамлекеттер өз убагында Крым Республикасы дагы референдум өткөрүп, Россиянын карамагына кирген. Россия өзүнүн аскерлерин официалдуу түрдө киргизип жатат. Официалдуу эмес түрдө 180 миң куралданган жергиликтүү элдин күчтөрү бар экени айтылууда. Андан тышкары, чек аранын баарын тегеректеп, аскер машыгууну уюштуруп, алдын ала даярдалган агрессивдүү пландар бар.

Тилекке каршы, согуш майданы күтүлөт. Албетте, Украина азыр дипломатиялык күчтөр менен БУУнун коопсуздук кеңешине дагы айтып, чаралар көрүлүп жатат. Бирок Украина 2014-жылдагыдай алсыз мамлекет эмес. Демек, алар дагы туруштук берет. Путин дагы токтобойт. Украина да күчөйт. “Сүйлөшөлү” деп Украинанын президенти Зеленский айтып жатат, бирок жыйынтык чыкпайт. Россия толук “Киевди – шаардын борборун тартып алабыз” деген коркутуу менен турат.

- Согуш оту жанса, биздин өлкөгө кандай таасири тийиши ыктымал?

- Албетте, согушту токтотуу Украинага эле эмес, Россияга, жадагалса биздин өлкөгө да керек. Анткени Крым Россиянын курамына кирсе, биз ЖККнун алкагында Россияга жардам берип, аскерлерди жиберип, Казакстандагыдай окуя кайталанып, биздин аскерлер да согуш майданына катышып калышы ыктымал. Эгер Россия суранса, албетте, ал жакка жибериш керек.

Ошон үчүн Украинада болуп жаткан жаңжал кандайдыр бир түзмө-түз биздин саясатка тийбесе дагы тийешеси бар. Анткени биз ЖККнун алкагында иштейбиз, ЕАЭБдин мүчөсүбүз. Россия – стратегиялык эң маанилүү өнөктөшүбүз. Демек, биз Россияга аргасыз көз карандыбыз. Ошондуктан Украинада жаңжал болуп кетсе, биз унчукпай тең салмактуулукту сактаганыбыз оң. Кандайдыр бир эл аралык укук тууралуу айтып койсок, анда биздин Баткен жергесинде жаңжал тутанышы мүмкүн. Ошон үчүн биз четте эле туруп, тышкы саясатыбызды жүргүзгөнүбүз маанилүү.

Бир жагынан Россияга лоялдуу болуп, экинчиден, дүйнө жүзүнөн өз репутациябызды жоготуп албашыбыз зарыл. Эгерде биз кандайдыр бир деңгээлде Россиянын жинине тийсек, анда Баткенден жаңжал чыгып, өз суверенитетибизге коркунуч туулган жагдай орун алуусу ыктымал. Мисалы, Ворухка жол салуу менен Лейлек районунан анклав болуп, ж.б. ушундай жаман жакка ооп кетүү коркунучу бар.

Ошондуктан биз Путинге лоялдуу болгонубуз туура кадам. Эки эл негизинен жакын бир тууган эл. Проваславия динине кирген тилдери окшош. Союз убагында Ленин менен Сталин совет бийлигин сактап калуу үчүн эгемендик берген. Негизи Путиндин сөзү да туура эмес. Кайрадан буларды, мамлекетти жок кылууну көздөп, “бир мамлекетпиз” дегени оор тийди.

Бул башка республикаларга да катуу сигнал. КМШга “силер тынч отургула” дегендей билдирүү берилди. “Эч жакка кете албайсыңар. Биз – Россия чечебиз” дегендей ишарат берди. Украинага болуп жаткан мамиле – Украинаны Батышка кетпей, өзүнүн алкагынын алдында калтыруу боюнча аракеттер көрүлүп жатканынын белгиси.

Булак: Азия News гезити

Последние новости