www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул жылы январда Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2 миллиард 10,3 миллион сом жумшалган. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.
Анын ичинен 997 миллион сом тышкы карызды төгүүгө, калганы ички карыздан кутулууга пайдаланылган.
Белгилей кетсек, былтыр январь айында мамлекеттик карызды тейлөөгө 2,4 миллиард сом кеткен.
Жалпысынан Кыргызстан 2022-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө 39 миллиард 528,2 миллион сом жумшоону пландап жатат. Ачык маалыматтарга (2005-жылдан берки) таянуу менен бул жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө рекорддук сумма бөлүнөт деп айтууга болот.
Мамлекеттик карыздын көлөмү
Өткөн жылдын аягында мамлекеттик карыз 5 миллиард 147,2 миллион долларды түзсө, анын 4,3 миллиарды тышкы карыздан кутулууга берилген. Акыркы жылдары төлөмдөр өсүүдө. Маселен, 2012-жылы карызды тейлөөгө 12 миллиард сом бөлүнгөн.
Булак: NazarNews.kg