www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын күнү бүтүп бараткансыйт. Орусия бул согуштук планын чагылгандай тездик менен тез аяктабаса, Украинага АКШ, НАТО туруп берсе оор болуп калчудай. Эгер Орусия планын тез аткарса Батыш Украинага көз артып жүрүшкөн Польша, Румыния ал аймакты алып, чыгыш тарабына Орусия Туу сайып, Украина накта өлгөнү турат. «Эки дөө кармашса, ортосунда кара чымын өлөт» болуп АКШ менен Орусиянын кармашында Украина өлө турган болду Кыргызстан абайлабасак болбойт. Украина орус тиреши учурунда өкмөт башчылары Нур-Султанда жолугушту. Минкаб Жапаров менен жолугушуу учурунда Орусиянын премьери Михаил Мишустин бул жолугушуулар Батышка жакпасын, бирок евразиялык интеграцияны көтөрүү керектигин, азыркы абалга президент Путин баа берип жатканын баса белгиледи. Жапаров жакшы көрүнгүсү келип Мишустинге жагынганы менен Орусиянын оюу Кыргызстан да аларды колдошу керектиги билинип турат. Орусиянын экономикасы биздин экономикабызга чоң таасир этери чындык. Мишустинге жагынган Жапаров Кыргызстанды качан алга жылдырат? Бул премьерлер экономика жөнүндө сүйлөшкөнү менен ойлору Украинада.
Украина Орусия менен дипломатиялык мамилени үздү. Бул тууралуу брифингде Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди. 24-февраль күнү кечинде Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясынын (АЭС) аймагы орусиялык аскерлердин көзөмөлүнө өттү: "Айыгышкан кармашка карабай Чернобыль аянтчасын биз көзөмөлдөн чыгарып жибердик. Мурдагы атомдук электр станциясындагы объектилер, конфайнмент жана өзөктүк калдыктарды сактоочу жайлардын абалы белгисиз. Орусиялыктардын бул багыттагы эч бир маңызсыз чабуулдарынан кийин, АЭСтин коопсуздугу жөнүндө кеп кылуу кыйын. Бул жер учурда Европадагы эң олуттуу коркунучтардын бири болуп калды", - деди ал.
Мунун алдында Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын оккупациялык күчтөрү Чернобыль АЭСин алууга аракет жасап жатышканын билдирген. Зеленский 1986-жылкы трагедия кайталанып кетпеши үчүн украин аскерлери жанын берип жатканын, эгер ал жерде кандайдыр бир кырсык орун алса, жалпы Европага кесепети тийерин эскерткен.
Орус президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция уюштуруу деген жүйө менен Украинага согуш ачкан. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырган. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирген. Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө каршы согуш деп атап, Орусиянын Украинага кол салышына байланыштуу дүйнөлүк лидерлерди Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырган.
Украинанын борбору Киев баштаган бир катар шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо болгону тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги аскердик башкармалыктарга, аэродромдорго, аскердик кампаларга жана чек ара пункттарына ракета атылып, ок тийгенин ырастады. Кеминде элүүдөй украин жарандары өлгөнү тууралуу маалыматтар бар.
1986-жылдын 26-апрелинде Чернобылдагы атомдук станцияда жарылуу болгон. СССР жетекчилиги бул кырсыкты алгач жашырып-жаап, кийин каргашанын айынан 31 киши өлгөнүн билдирген. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча анда 9000дей киши каза тапкан. "Гринпис" уюму болсо кырсыктын кесепети 200 миң кишинин өмүрүн алган деп эсептейт.
Украинанын борбору Киев шаарынын тургундары массалык түрдө шаардан чыгып кетип жатышат. Социалдык түйүндөрдө унаалары менен Киевди таштап чыгып кетип жаткан элдин видеолору тарады. Маалыматта буга уланып жаткан согуштук аракеттер себеп болгону айтылат. Ошондой эле ЖМКларда жана социалдык тармактарда Украинанын бир катар шаарларында, анын ичинде Киевде жардыруулардын үнү угулганы кабарланган. Ошондой эле, Киевдеги май куюучу жайларда, банктарда жана банкоматтарда кезек күтүүлөр болуп жатканы маалымдалды. Украинада кырдаал курчуп жатат. Ага байланыштуу бүгүн, 24-февралда БУУнун Коопсуздук Кеңеши чукул жыйын өткөрмөкчү. Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөдө бүгүнтөн баштап аскердик абал киргизилгенин билдирди.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg