www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бери жагы 2 миллионго чукул жарандарыбыз иш издеп чет жерде жүрүшөт. Анын канчасы өз өлкөсүнө кайрылат белгисиз. Америка, Европа өлкөлөрүндө күн кечирип, Кыргызстанга барбайбыз дегендер көбөйдү. Мындай пикирин белгилүү журналист Алмаз Темирбек Фейсбуктагы баракчасында билдирди. Ал учурдагы актуалдуу болгон миграция маселесине кайрылып, бийликке сын айтты.

"Элин тентиткенди эрдик көргөн эрендерге...

Өмүрбек Текебаев Германиядан мигранттарга иш орун түзүп, Кыргызстандан атайын адистикке ээ жаштарды жумуш күчү кылып немистерге жалдап берип жатканын эрдик катары сыпаттап мактанып жатат. Сыягы, Кыргызстандыктар үчүн элүү миң иш орун түзүлүп жатканын жар салган убадасынын өтөөсүнө чыгып жатканына куштар окшойт.

Дал эле ушундай иш менен Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова дагы алек. Он миңдеген иш орундарын түзүп жатабыз деп эрдемсип жүрөт.

Өкмөт быйыл Англияга айыл чарба жумуштарына деп мандикер кылып Кыргызстандан миңдеген жаштарды жөнөттү... Анысын азыркыга чейин 30 жылда болбогон ачылыш катары сыпаттап, айтып түгөтө албай жатышат...

Президент Садыр Жапаров президенттикке шайланып жатканда эки жылда мигранттарды өз өлкөсүнө кайткандай кылам деп күпүлдөгөн эле. Тескерисинче, тентитип жатат.

Жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айткандай "эшелон, эшелон кылып" жаштарды чет өлкөгө кул кылып тентитип жатканыбыз зээнди кейитет.

Элчилер Кыргызстанга инвестиция тартып, өзүбүздүн өлкөдө иш орун түзүп берип мактангандын ордуна, барган өлкөлөрүндө кыргызды жалчы кылып жумшап берип жатышканын сыймыктануу менен Кыргызстан үчүн эбегейсиз эрдик сиңиргендей көкүрөк кагышууда.

Сыягы, өлкө жетекчилери тарабынан элчилерге эмгек мигранттарына иш орундарын камсыз кыласыңар деген тапшырма берилген окшойт.

Ооба, мамлекет элибизди учурда иш орундары менен камсыз кыла албай жатат. Элибиз иш издеп жер кезип жүрүшөт. Өмүрүнөн, ден соолугунан ажырагандар канча?

Бирок, качанкыга чейин кыргыз эли кара курсактын айынан тентип жүрүш керек? Жалаң күчкө толуп турган 20-40 жашка чейинки жаштар сыртка чыгып кетти. Бери жагы 2 миллионго чукул жарандарыбыз иш издеп чет жерде жүрүшөт. Анын канчасы өз өлкөсүнө кайрылат белгисиз. Россиянын, Казакстандын, Турциянын жарандыгын алгандар толтура. Кийинки кездери Америка, Европа өлкөлөрүндө күн кечирип, Кыргызстанга барбайбыз дегендер көбөйдү.

Келген эле бийлик акылга, күчкө толуп турган жаштардын баарын тентитип жиберип, Кыргызстанды сырттан кирип жаткан кытай, араб, индус, уйгур ээлеп калабы? Коңшулардын жылма экспансиясы да күчтүү. Ошол үчүн алар чек аранын тез арада чечилишине кызыкдар эмес...

Качан эки тизгин, бир чылбырды кармаган өлкө жетекчилери эсине келип, элине кызмат кылат? Улам кийинкиси мурункусунан өтүп ичип-жеп, анан өлүмүш болушуп мурункусуна шылтап, оозун куу чөп менен аарчыган, өз көмөчүнө күл тарткан адаттан арылышат?

Деги биз мамлекет катары, улут катары жашайбызбы? Жети тукум каргышка калсак дагы, этек-жеңибизди жыйышыбыз керек го акыры...

Моисей еврейлерди улут болуп уюп, эсине келсин деп 40 жыл чөл кездириптир... Биз 30 жылдан бери чөл түгүл, аалам кездик го. Акыл-эсибизди, аң-сезимибизди пештеп бир силкинбесек, "уйкудагы эл, кул болуп ойгонот" деген абал босогобузда турат...

Ал аз келгенсип, өлкө ичинде бирибиз арабды, бирибиз орусту, бирибиз батышты туу тутуп, ичтен ирип жатканыбыз өзүнчө чоң тема...", - дейт Алмаз Темирбек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости