www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Японияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 6 шаарда 100 миңден ашуун киши эвакуацияланды. Бул тууралуу трт.нет билдирди.

Киодо маалымат агенттигинин кабарына караганда Япониянын метеорология мекемеси (JMA) акыркы 24 саатта жааган жамгырдын жалпысынан август айында жааган жамгырдын эки жарым эсе көп экендигин айтты.

Өрт жана кырсыкты башкаруу агенттигинин билдирүүсүндө  жамгыр таасирдүү болгон Ямагата жана башка беш шаарда болжол менен 107 миң кишиге эвакуация эскертүүлөрү берилди.

Билдирүүдө нөшөрлөгөн жамгырдан улам кээ бир поезд каттамдарынын токтотулгандыгы маалымдалды. 

Жарыяланган видеолордо Ямагата жана Ниигата шаарларындагы калктуу конуштардагы кээ бир үйлөрдүн жана унаалардын суу астында калганы көрүнүүдө.

Министрлер кабинетинин башкы катчысы Хироказу Мацуно селден 2 кишинин дайынсыз жоголгондугун жана Ниигата шаарында 1900 кожолуктун электр жарыгысыз калганын жарыялады.

Последние новости