www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Куйту Акылбек Жапаров: "Кыргызстан ЖККУнун алкагында Казакстанга жардам көрсөтүүгө даяр", - деп жыландын башын кылтыйтып жатат. Мындай пикирди журналист Алмаз Темирбек өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

"Көпчүлүк Казакстанга кыргыз аскерлери киргизилбеш керектигин баса белгилеп, бийликке эскертип жатышат. Бул абдан туура кадам. ЖККУ сырттан коркунуч, баскынчылык болсо кол сунчу уюм. Тилекке каршы, бул жагы дагы саясат экенин Тажикстан Кыргызстанга агрессия кылып, тынч элди атып, аскердик баскынчылык жасаганда көргөнбүз.

Куйту Акылбек Жапаров: "Кыргызстан ЖККУнун алкагында Казакстанга жардам көрсөтүүгө даяр", - деп жыландын башын кылтыйтып жатат. Президент Жапаров Казакстандын ички ишине аралашып, казак бийлигинин өтүнүчү менен аскер жөнөтсө, эки элдин кастыгын жараткан тарыхый ката жасайт. Бул маселени Жогорку Кеңеш кылдат анализдеп, аскерди киргизбөө чечимин кабыл алышы керек. Себеби, Казакстанга сырттан башка мамлекет тарабынан кол салуу болгон жок.

Айрымдар, Токоев "Кыргызстан жардам берген жок деп кектеп, кысым кылат" деген ой-пикирлерди айтышууда. Бул туура эмес көз караш. Өз элин атып, басып бергиле деп сырттан аскер киргизген кечирилгис күнөө.

Себеби, "бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат". Токаевдин бийлиги эртедир-кечтир кетет. Эл түбөлүк. Эгер кыргыз аскерлери киргизилсе, казак элинде узакка созулган ыза, кек, таарыныч, кастык сакталып калат. Анын үстүнө мындай инцидент эртең биздин өлкөнүн башына келбейт деген кепилдик жок. Андыктан мурунтукка чүлүк болчу иштерге мурдубузду тыкпай өзүбүздү оолак кармайлы", - дейт журналист.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости