www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда газдын баасы төмөндөйбү?

"Учурда Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги газдын баасын арзандатуу маселесин карап жатат", - деди мекеменин директору Кеңешбай Тайлаков.

Министрликтин маалыматына караганда, акыркы жылдары автоунааларды бензин жана дизелден автогазга өткөрүү активдешти. Алсак, 2020-жылы газ импортунун көлөмү 45 миң тоннаны түзсө, 2021-жылы 70 миң тоннадан ашкан.

Бирок суроо-талаптын өсүшү менен суюлтулган газдын баасы өзгөрүшү мүмкүн. Буга байланыштуу мамлекеттик агенттик жеткирүүчүлөр менен бирге жеткирүүлөрдү диверсификациялоо боюнча иш алып барууда.

"Жеткирүүлөрдү диверсификациялоодон улам жакынкы аралыкта суюлтулган газдын баасы 2-3 сомго арзандашы күтүлүүдө", - деди Тайлаков.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын суюлтулган газдын ички рыногу Россия жана Казакстандан импорттун эсебинен гана камсыздалат, анча чоң эмес көлөм Армения, Өзбекстан, АКШ, Франциядан келет. Ал эми республикадагы газдын баасынын өзгөрүшү бул өлкөлөрдө дүң баанын өзгөрүшү менен байланыштуу. Газды өндүрүүчү өлкөлөрдөн ташып келүүнү (транспорттук жана кошумча чыгымдар, салыктар ж.б.) эске алуу менен, мамлекеттик агенттик жүргүзгөн баа мониторингине ылайык, анын негизги сатуусу жүргүзүлүп жаткан Бишкек шаарындагы баасы учурда литри 36-37 сомдон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости