www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрүнүн алгачкы тобу Казакстанда кызматын өтөй баштады. Бул тууралуу бейшембиде Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) катчылыгы билдирди. Маалыматка караганда, Аба-десанттык аскер бөлүктөрүн учактар менен жөнөтүү уланып жатат. Катчылык бейпилдик контингентине Беларус, Армения, Тажикстан жана Кыргызстан киргенин белгиледи.

Орусиялык “Интеллигенция конгресси” деген коому “Орусиянын Казакстанга куралдуу кийлигишүүсүнө каршыбыз!” деген кайрылуу чыгарган. Бул тууралуу медиа-эксперт Николай Подосокроский "Фейсбукка" жазды. Текстке кол койгондордун арасында саясатчы Леонид Гозман, журналист Владимир Познер, жазуучу Людмила Улицкая, депутат Борис Вишневский, укук коргоочу Светлана Ганнушкина, Лев Пономарев, режиссер Гарри Бардин, саясат таануучу Дмитрий Орешкин жана башкалар бар.

Буга чейин Орусиянын бир катар маалымат каражаттары ЖККУнун контингентинин алгачкы аскерлери Казакстанга келип конгонун жана кызматка киришкенин жазышты. Мамлекеттик "РИА Новости" агенттиги 6-январда кабарлагандай, уюмдун бейпилдик күчтөрүнүн аба-десанттык тобу казак жергесине кирди. ТАСС агенттиги да ушундай жаңылык чыгарды.

Орусиялык "Звезда" телеканалы жарыялаган видеодо бери дегенде эки учак Казакстанга жөнөп жатканын көрсө болот.

Аскердик блокко төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бейпилдик күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөрүн 6-январда "Фейсбукка" жарыялаган.

"Жамааттык коопсуздук боюнча келишимдин 4-беренесине ылайык, ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңеши Казакстанга өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу максатында ЖККУнун жамааттык бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алды", - деп жазды Пашинян.

Анын алдында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн уюмдун лидерлеринен жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн топтор" уюштуруп жатканын билдирген. Токаевдин мындай кайрылуусу социалдык тармактарга кескин сынга кабылып жатат.

ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости