www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Жанар мырза, кирип келген 2022-жыл кандай жылдардан болот? Кыргыз саясатында эмне жаңылыктар коштолушу мүмкүн?

- Азыркы убакта көрүп жатасыздар, ар ким ар башкача божомол маалыматтарды таркатып, "кыргыз коомчулугу, анын ичинде саясаты... 2022-жылы мындай болот, тигиндей болот" деп айтышууда. Алардан артыкчылыгы биз берген маалыматтар чындыкка дал келет же өтө жакын болот. Бул эми мактаныч эмес, буга чейинкилерибиз далил болуп келген.

Анын баарын коомчулук билип эле калды. Эми 2022-жылга келели. Мен орчундууларына гана токтолоюн. 2022-жылы сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь айлары өтө кооптуу айлардан болот. Марс менен Нептун планеталарынын абдан чыңалуу абалы жерге катуу таасирин берет. Бирок, «күз айлары кооптуу экен» деп жатып албаш керек. Ага чейин жаз айларында, тактап айтканда, Нооруз күндөрүнүн айланасында кооптуу абалдар байкалат.

20-марттан баштап 27-мартка чейин созулат. Бул жерде бийлик башындагыларга эскертүү берип кетишибиз керек. Ушул күндөрү элдин каалоосуна каршы чыккан чечимдерди кабыл албай, элдин бийликке болгон агрессиясын ойготпогон оң. Эгер агрессиясын ойготуп, козутуп ийсе, анда аларга кыйын болуп калат.

- Мындай учурда бийлик тарап эмне кылыш керек? Ансыз да экономикабыз чабал, азык-түлүк кымбаттагандан кымбаттап жатат. Эл менен бийлик ортосунда күтүүсүздөн чыккан жаңжалга чет элдиктер от жагып ийиши ыктымал эмеспи? Анан баягы таз кейпибизди кийип кала беребизби?

- Бийлик башындагылар элдин жүйелүү талаптарын угуп, оппозиция маанайындагы лидерлер менен диалогто барып, жаралган маселелерди, суроолорду, алардын басымдуу бөлүгүн аткарып берсин.

-Ошол эле учурда бийликтин тарапташтары чыга калып антимитинг кылышып ийчү эле. Бу жагы кандай болот?

Эл козголуп чыга турган болсо, бийлик сиз айткан антимитинг кыла турган жагдайды жаратса, анда граждандык согуш чыгып кетүү абалына такалат. "Жаман айтпай жакшы жок" дейт. Ошон үчүн антимитинг дегенди кан буугандай токтотуу абзел.

- Жакшы жашоону жоромолго кошпойсузбу же ал жокпу?

-Мен эми жаз-күз айларындагы кооптуу жагдайларга токтолдум. Албетте, калган учурларда токчулуктун, молчулуктун, барчылыктын заманы болот. Кыргыз эли эч кыжалат болбой, так секирип тирлигин кыла берсин. Жалпы калкыбыз үчүн жолборс жылы жакшы жылдардан болот, алгылыктуу саясый өзгөрүүлөр күтүп турат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости