www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Теңиз Бөлтүрүккө баары бир эмеспи, Канадага куйрук түйүп кете берет. Мындай пикирин журналист Алмаз Темирбек өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Кумтөр боюнча бүдөмүк келишимге Теңиз Бөлтүрүк кол коёт. Анын кол коюдагы укуктук жагдайы да күмөн жаратат...

Министрлер кабинети Теңиз Бөлтүрүккө «Центерра» менен макулдашуу келишимине кол коюуга ыйгарым укук берди.

Документке ылайык, Теңиз Бөлтүрүк Кумтөр Голд Компанинин атынан төмөнкүлөргө кол коет:

– Кыргыз Республикасы менен канадалык Centerra Gold компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды глобалдык жөнгө салуу жөнүндө макулдашуу;

– Рекультивациялоо боюнча трасттык келишимди бузуу жөнүндө акт.

Мына ушул жерден суроо жаралат. Тенгиз Бөлтүрүк Центерра менен Кыргызстандын атынан кол коюу укугу мыйзам талабына жооп береби?

Дегенибиз, ал 22-февралда Кумтөрдү сырттан башкаруу боюнча жетекчилик кызматтан кеткен. Анан кантип кол коёт? Ал азыр эч ким эмес да. Ал азыр башкарып жаткан «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясынын жетекчиси катары да кол койгонго да болбойт. Себеби, «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдинг макамы боюнча Конституциялык орган эмес. Башкача айтканда, мамлекеттик эмес (АОК, ЖАК дегендер) жеке компания катары саналат. Экинчиден, Теңиз Бөлтүрүк Канаданын жараны. Ал аны өзү айтканы бар. Демек, Канаданын жараны канадалыктар менен Кыргызстандын атынан мамлекеттик эмес кызматтын жетекчиси катары кантип кол коёт? Бул жерде элдин көзүн боёгон афера орун алууда.

Себеп дегенде, тынчтык келишимине кол коюудан Өлкө башчысы Садыр Жапаров да, Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров да, Жогорку Кеңештин төрагасы даже дагы башка ыйгарым укугу бар Мамлекеттик органдардын, министрлер кол коюудан качып Теңиз Бөлтүрүккө оодарып жатышат. Кийин, жоопкерчилик маселеси козголсо биз кол койгон эмеспиз деп суудан кургак чыгып кетүүнүн амалы. Ал эми Теңиз Бөлтүрүккө баары бир эмеспи, Канадага куйрук түйүп кете берет.

Мына буга чейин Теңиз Бөлтүрүк: «Центерра менен диалог болбойт, мындай ары монолог болот», - деген эле. Башкача айтканда, биз айткандай иш жүрөт дегенди билдирген. Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров: «Эң күчтүү эл аралык юристтерди жалдадык соттон утабыз, доону өндүрөбүз», - деп келген.

Жыйынтыгында эмне болду, Центерра менен кайра-кайра жолугушуу өткөрүп жатышып, натыйжада Кыргызстандын Центеррадагы 1 млрд. доллар турган акциясынан, 5 млрд долларык экологиялык доодон баш тартып, ал аз келгенсип ондогон млрд. доллар сарпталчу уу калдыктарын зыянсыздандырып, талкалаган жаратылышты калыбына келтирүүдөн (рекультивация) бошотуп жатабыз. Бул деген кылмыштуу келишим эмеспи.

Айтты, койду дебегиле кийин талкаланган жаратылыш калыбына келбей, оюлган тоону кучактап, зыяндуу уу калдыктарды эмне кылышты билбей далай шорубуз катат. Ал кезде баары кеч болуп калган болот», - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости