www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Центерра» компаниясы Кыргызстандын бийлиги менен аргасыз сүйлөшүүгө барат. Мындай оюн тоо-кен өнөр жайы боюнча адис Алмаз Туманов билдирди.

Ал 15-сентябрда Нью-Йорктогу соттун «Центерранын» арызын четке кагып, Кыргызстанга күн сайын 1 млн доллар айып салуу өтүнүчүн канааттандырбай койгону жакшы жагдай болду деген пикирде.

«Бул адилеттүүлүктүн чоң белгиси болду деп эсептейбиз. Дүйнө жүзүнө «бизди басып алды, тоноду» деген маалыматтар чыгып жаткан. Чынында андай болбоптур. Мамлекет сырттан башкаруу киргизип, эч нерсени басып албай, түшкөн пайданы ар бирине бөлүп берип жатканын далилдегендиктен адилеттүүлүк жеңип чыкты деп эсептейм», — дейт ал.

Туманов «Центерра» компаниясы Кыргызстандын бийлиги менен аргасыз сүйлөшүүгө барып, эсептешүүгө туура келерин түшүндү деген ойдо.

«Бул тоо-кен тармагында иштеген башка компанияларга сабак болот», — деди ал.

Анын пикири боюнча «Центерра» менен бир пикирге келе албай, соттошо турган болсо, Кыргызстан бул иште ута алат. Себеби «Центерра» экологиялык талаптарды бузуп, «Кумтөр» боюнча келишимде коррупция болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости