www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Укук бузуулар жөнүндө кодексин жана Жазык кодексин каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайра кайтарып берди. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда парламенттин Укук коргоо, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Жыйында Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Укук бузуулар жөнүндө кодексин ишке киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга президенттин каршы пикири каралды.

Ал эми комитеттин төрайымы Наталья Никитенко президенттен бир нече сунуш келип түшкөнүн айтты. Тактап айтканда, беренелердин жаңы редакциясы, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесин толук иштеп чыгуу, Кылмыш-жаза кодексинин 191-352-358-359-беренелерин кайра карап чыгуу сунушталды.

Эске салсак, Жогоруда аталган кодекстер Жогорку Кеңеш тарабынан 22-июлда кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости