www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Парламентке бу сапар деле акчалуулар келет», - деди бүгүн, 21-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Нурлан Мотуев.

- Нурлан мырза, жаңы конституциянын алкагында жаңы шайлоо мыйзамы жазылды. Эми аралаш система өзүн өзү актайбы?

- Эмнеси болгон күндө дагы партияларды парламентке жолотпош керек болчу. Конституциялык кеңешме аралаш системаны киргизип, чоң катачылык кетирди. Негизи партияларды жоюп эле салыш керек болчу. Эми 54 мандат үчүн 2 же 3 партия өтүп келет.

Бири оппозициялык партия болот. Алар Садыр Жапаровду иштетпей кыйкыра беришип, баш оору болушат. Бийлик эффективдүү иштеши үчүн партияларды аралаштырбай эле, депутаттардын баарын бир мандаттуу округдан шайлай турган системасына өтсөк болмок.

- Бу сапар акчалуулар келеби же элдин элегинен өткөн ак жүрөк депутаттар келеби?

- Азыртан эле «подкуптар» башталганына караганда баягылар эле келет. Мыйзам жаңырганы менен шайлоого аттанып, мандатты көздөгөндөр баягылар эле. Ошон үчүн бу сапар деле акчалуулар келет окшойт деген ойдомун.

- Айрымдар алтынчы чакырылыштын депутаттары шайлоо мыйзамын туура жолго салды. Партиялык система менен шайлоого барса да, мандат алган добушка жараша аныкталаарын айтып жатышат. Буга макулсузбу?

- Менин баамымда алтынчы чакырылыштын депутаттары баш аламандыкка жол ачты. Алар шайлоо мыйзамын жаңылашканы менен туура жакка өзгөртүшкөн жок. Тескерисинче баарын чаташтырып салышты. Партиялык система менен парт лидер эле жыргайт деген да туура эмес.

Партлидерлер көп учурда маселе деле чече албай калышкан учурлар болгон. Ал турсун ошол партиядан депутат болуп келип алып, фракция лидерине, партлидерге каршы чыгып, кидайтеткен депутаттар да болгон.

Мисалы, «Ар-Намыстан» Камила Талиева баштаган топ Куловго ачык эле каршы чыгышкан. Өмүрбек Текебаевге Өмүрбек Абдрахманов менен Равшан Жээнбеков каршы чыккан. КСДПны Жанар Акаев кидайтеткен. Кыскасы, партия лидерлери маселе чечмек турсун, депутаттар каалагандай калчаган жагдайга деле туш болушкан.

Тагыраагы, жаңы мыйзам жакшы иштеп же иштебеген учурда дагы, мыйзамдын механизмдери шал болуп калган күндө дагы партия лидери эч нерсе чечпейт. Кандай кырдаал болсо да, адамдык фактор роль ойноп кетет. Депутаттардын амбициясы ачылып, лидерине баш ийбей кетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости