www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Индия вакцинанын экспортун жандантат

Индия октябрдан тарта коронавирука каршы вакцинанын экспортун жандантат. Апрелде өлкөнүн өзүндө COVID-19 илдетинин учурлары көбөйгөндө бул жараян токтоп калган эле. Саламаттыкты сактоо министри Мансух Мандавиянын айтымында, өкмөт индиялыктарды эмдөөгө артыкчылык берет, бирок ашыкча дозалар коронавируска каршы глобалдык күрөштөгү милдеттенмелерди аткарууга жумшалмакчы.

Вакцинанын дүйнөдөгү эң ири өндүрүүчүсү Индия БУУ түзгөн COVAX долбооруна чоң салым кошот деп күтүлүүдө. Өлкө быйыл январда COVID-19га каршы вакциналарды экспорттой баштаган, бирок апрелде убактылуу токтотуп койгон. Мандавия ошондон бери Индия вакцинанын өндүрүшүн эки эсеге көбөйткөнүн, эмки айда 300 миллион доза чыгарыларын айтты.

Ал эми Вьетнамда 21-сентябрдан тарта пандемияга байланышкан айрым чектөөлөр алына баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости