www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев менен башкы прокурор Курманкул Зулушев айтыша кетти.

Жыйында президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык жана Укук бузуулар кодексин кабыл албай, каршы пикири менен артка кайтарганы белгилүү болду.

Ал маселе каралып жатканда Жээнчороев президент белгилеген калпыстыктар орундуу экенин айтып, бирок кээ бир пунктуларын талкуулоо үчүн макулдашуу комиссиясы керектигин билдирди.

Ошол учурда Башкы прокуратуранын башкармалыгынын улук прокурору, кодекстерди иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун мүчөсү Азизбек Шүкүрбеков депутаттын сөзүн бөлүп жатты.

Депутат "Азизбек мырза, сиз өзүңүздүн башкы прокуратураңызда минтип мелеп-селеп сүйлөсөңүз" деди. Андан соң башкы прокурор Курманкул Зулушев эл өкүлүн кекетпей, сыйлап сүйлөөгө чакырып, ал жаш бала эместигин айтты.

"Бул жооп берип жатканда телефондон сүйлөшпөй укпайсызбы", — деп болушту Зулушев өз кызматкерине.

"Мен дагы жаш бала эмесмин, чалып алып "сени издөөгө берем" дегидей. Мен түшүнөм, сиз эбегейсиз бийликке ээ болуп жатасыз. Сиздин "Камчыке (УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев — ред.), мына Мирланга бир нерсе таап берчи, менин тилимди укпай жатат" деген кандай болорун айтып кетейин. Андай кылбаңыз, бул күн да өтөт", — деди Жээнчороев.

Ага башкы прокурор "Мен эч кимге команда бербейм. Эгер команда болсо сизге таап коюш оңой эле" деп жооп берди.

Ал эми депутат антип коркутканы өтпөй турганын айтып, Кудайдан гана корко турганын билдирди. "Келиңиз, бири-бирибизди сыйлайлы, антип сөөмөй кезебеңиз" деди.

Ошол учурда комитеттин төрайымы Наталия Никитенко ортого түшүп, эки тараптын айтышуусун токтотту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости