www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов ички аба каттамдарда буюмдары жоголуп кетип жатканын айтты.

Ал Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 21-сентябрдагы жыйынында 1 ай он күндөн бери жоголгон жүгү табылбай жатканын билдирди.

«Эл кайрылып жатат, бул жерде отурган кесиптештер да бар. Ички каттамдарда жүктөр көп жоголуп жатат. Өткөндө мен да айттым эле, өзгөчө менин буюмдарым жоголуп жатат. Авиакомпанияга барып, телефонумду таштап кетсем, жооп жок. Комитеттин мурдагы жыйынында айтып чыккам, дагы деле жооп ала албай жатам. Бул маселени ким көзөмөл кылат? Демек, Минтранс жакшы иштебей жатасыңар. Бул аэропорттун жумушубу же компанияныкыбы? Жоголгон багажга ким жооп берет? Бизди Оштон алып келди, багажды өткөрүп бердик, келсек жок. Эгер бирөө жүктү уурдап кетсе, ким карайт?», — деп суроо салды депутат Нурдинов.

«Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун башкармалыгын төрагасынын орун басары Абдималик Бусурманкулов жүргүнчүлөрдүн маселесине авиакомпания жооптуу экенин айтты.

«Билет алгандан баштап авиакомпиания жүргүнчүгө, багажына толук жооп берет. Эгер багажы келбей калса, жүргүнчү менен акт түзүлүп, багажды издешет. Табылбай калса, Аба эрежесинин 20-пунктунун негизинде компания жүргүнчүгө компенсация төлөп берет. Эгер жүргүнчү кайсы бир себеп менен уча албай калса, башка рейс менен учуп кеткенче, авиакомпаниянын өкүлү жооптуу, күтүп туруп, кийинки рейске салып, учурушу керек. Бул мыйзам чегинде көрсөтүлгөн», — деди Абдималик Бусурманкулов.

Дагы бир депутат Алтынбек Кемелов аэропорттогу тейлөө шарттарын жакшыртууну өтүндү. Кайсы бир себеп менен уча албай калган жарандардын маселесине өзгөчө көңүл буруу сунушталды. Ошондой эле аба майдандын сыртындагы таксисттерге да өзүнчө орун бөлүү керектигин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости