www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-майда Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Турунбаев «Alstom» француз компаниясынын өкүлдөрү жана Франция Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууга Франциянын Кыргызстандагы Элчиси Николя Фай, Казакстандагы Франция Элчилигинин экономика маселелери боюнча кеңешчиси Людовик Леа, «Alstom» компаниясынын Борбор Азия боюнча директору Жером Буайе, ошондой эле элчиликтин өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл темир жол тармагын өнүктүрүүгө, анын ичинде Кытай, Казакстан жана Өзбекстан менен байланыштарды жакшыртууга, ички темир жол инфраструктурасын модернизациялоого бурулду.
Ошондой эле, электрлештирүү жана сигналдаштыруу системаларын киргизүү, шаардык транспортту өнүктүрүү (Бишкек, Ош, Манас шаарлары) боюнча мүмкүнчүлүктөр каралды.
Француз делегациясы Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен бир катар жолугушууларды өткөрүү, анын ичинде транспорт, каржы жана темир жол тармагындагы жетекчилер менен кызматташуу багыттарын талкуулоо ниетин билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар транспорт жана инфраструктура тармагындагы өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгилешти.