www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Гренландия менен жаратылыш ресурстарын иштетүү тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап жатат. Бул тууралуу The New York Times басылмасы Вашингтон, Копенгаген жана Гренландиядагы булактарга таянып жазды.
Маалыматка караганда, Вашингтон Гренландиядагы мунайга, уранга, сейрек кездешүүчү металлдарга жана башка стратегиялык кен байлыктарга өзгөчө кызыгуу көрсөтүүдө. Ошондой эле АКШ аралдагы аскердик катышуусун чектөөсүз мөөнөткө сактап калууну көздөп жатканы айтылды.
Басылманын маалыматына ылайык, АКШ Россия жана Кытай сыяктуу атаандаш өлкөлөрдүн таасирин чектөө үчүн ири инвестициялык долбоорлорго вето коюу укугун алууга аракет кылууда.