www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 18-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда коомчулуктун көңүлүн бурган жагдай орун алды. Коомдун көңүл чордонунда турган соттук процесске, кылмыштуу иштин негизги фигураларынын бири болгон Камчыбек Ташиев келген жок. Ал эми ошол эле иш боюнча көрсөтмө берип же тергөөнүн суроолоруна жооп берүүгө тийиш болгон башка фигуранттар сотко келип катышты.
Эгер катардагы жаран соттун чакыруусуна барбай койсо, ага карата дароо эле “сотту сыйлабоо”, “тергөөнү үзгүлтүккө учуратуу”, “басым көрсөтүү коркунучу” деген жүйөлөр айтылып, баш коргоо чарасы катаалдаштырылмак. Бирок бийликтеги же таасирдүү адамдарга келгенде мыйзамдын үнү басаңдап, талаптары жумшара түшкөндөй сезилет. Коомду нааразы кылып жаткан нерсе дал ушул кош стандарт.
Камчыбек Ташиев акыркы жылдары мыйзамдуулук, тартип жана мамлекеттик катуулук тууралуу эң көп сүйлөгөн саясатчылардын бири болду. “Мыйзам алдында баары жооп берет” деген сөздөр анын риторикасынын өзөгүнө айланган. Ал тургай, мурдагы аткаминерлерге же саясатчыларга карата күч түзүмдөрүнүн катаал аракеттери жүргөндө, бул “мыйзамдын талабы” деп түшүндүрүп келген. Бирок бүгүн ошол эле принцип өзүнө тиешелүү жагдайда кандай иштеп жатат?
Ырасында, бир учурда Ташиев өзү каалаганын камап, азуусун айга жанып турганда мыйзам тууралуу айтса “оозунан ак көбүк агып, төбөсүнөн көк буу” көтөрүлчү. Эми өзүнө келгенде мыйзам ага буйлаланган төөгө айланып калабы? Анын сотко келбей койгону мыйзамды сыйлабастыгын, сотту тоготпостугун билдирет. Демек, балким анын баш коргоо чарасын кайра карап, үйүндө эркин жүрбөгөндөй кылып, абакка отургузуу керек? Ошондо ага сотко келип бериңиз деп жалдырабай эле автозак менен конвойдун коштоосунда сотко алып келсе башынан ашкан текеберлиги күбүлүп түшөт.
Чындык ушундай эмеспи?
Бул жерде маселе бир гана Ташиевдин жеке фигурасында эмес. Маселе,мамлекеттик институттардын аброюнда. Соттун кадыр-баркы ар бир жарандын ага болгон мамилеси менен өлчөнөт. Эгер жогорку кызматтагы адам сотко келбей койсо жана ага эч кандай реакция болбосо, анда карапайым жаран сотту эмне үчүн олуттуу кабыл алышы керек?
Мыйзам буйлаланган төө эмес. Ал бирөөгө катуу, бирөөгө жумшак мамиле кылган куралга айланып калса, анда мамлекеттин өзү адилеттик принциптеринен алыстап кетет. Кечээ башкаларды мыйзам менен коркуткан адамдар бүгүн ошол мыйзамдын талабына өздөрү баш ийүүгө тийиш. Болбосо “мыйзамдуулук” деген түшүнүк саясий курал гана болуп калат.
Алмазбек Темирбек