www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизде "шариат менен жашаган, ислам мамлекетин куруш керек" деген президентикке талапкерлер болгон. Мындай пикирди саясат таануучу Алмазбек Акматалиев айтты. 

--"Талибан Орто Азияга таасирин тийгизеби, кол салабы же салбайбы" деген талаш-тартыш пикир күчөп баштады. Кол салуу десе эле алар курал жарагы менен чек араны бузуп, танкаларын айдап, кирип келүү деп элестетпеш керек. Маселе таасирде!

Орто Азияда, анын ичинде Кыргызстанда, халифат, эмират принциптерин туу туткан саясий-диний күчтөр барбы же жокпу? "Орто Азия шариат менен жашаш керек" деген ички күчтөр барбы?

Ошолор Талибандын таасири менен алар "биз да ошол принциптер менен жашаш керекпиз шыктанып,  уудургуп кетпейт деп ким кепилдик бере алат? Башкача айтканда, Орто Азияда Талибан идеологиясы жана дүйнө таанымы канчалык деңгээлде орун алган? Буга чейин дымып жаткан радикал динчилдер эмне план түзүп, эмне аракет жасашы мүмкүн? Мына, ушундай суроолорго жооп тапканыбыз маанилүү.

Алсыз болуп, биримдик жок болсо, улуттук мамлекет курабыз деген аруу тилектер жөн эле куру сөз болсо, анда талибандардын бул жакка " физикалык" түрдө кирип келишинин кажети деле жок.

Идеясы, ишеничи жана тыйыны келсе эле, Орто Азия чакчелекей түшүп, түтөп жатып калат. Эгер эсиңерде болсо бизде өз программасында "шариат менен жашаган, ислам мамлекетин куруш керек" деген президентикке талапкерлер болгон. Ал талапкер беймарал регистрациядан өтүп, дебаттарга да катышып жүргөнүн кечээ эле көрдүк. 

Кээ бир чет өлкөлүк эксперттер Орто Азия үчүн Афгандагы Талибан эмес, ички Талибандары кооптуу деп белгилеп келишет", - дейт саясат таануучу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости